Бишкектин Ак-Бата кичи районунда 660 орундуу мектеп курулат

Бишкектин Ак-Бата кичи районунда 660 орундуу мектеп курулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле быйыл аталган кичирайондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт.

 

“Өз кезегинде, билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.