«Тазалык» муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, ишканага төмөнкү жумушчулар талап кылынат:
— Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары (1 жылдык тажрыйбасы);
— Тазалагычтар.
Белгилеп кетсек, ишкананын көпчүлүк кызматкерлери эмгек акысын иштин жыйынтыгына жараша алышат.
Толук маалымат алуу үчүн Ала-Арча көчөсү, 74 а дарегине кайрылып же 0312 344 825 телефон номери боюнча байланышса болот.