Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын достук паркын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Планга ылайык, сейил бак 8 гектардан ашуун аянтты түзүп, курулуш иштерине 170 млн рубль сарпталат.
Долбоордо коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле баскетбол, кичи-футбол ойноо үчүн спорттук кластерлердин курулушу каралган.