Сокулукта архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын административдик имаратынын кошумча курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Имараттын жер тилкенин жалпы аянты 1811,4 чарчы метрди түзөт, анда бирдиктүү терезе, күтүү залы, 5 иш кабинети, конференция залы, кабылдама жана башкалар каралган. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен Сокулук районунун тургундарын тейлөөгө жагымдуу шарт түзүлөт..