Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаан-чачынга байланыштуу 7-9-февраль күндөрү Бишкек — Ош, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Акташ жолдорунда кар көчкү түшүп жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Унаалар ортосундагы 500 метрлик аралык сакталып, айдоочулар жанында дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун ала жүрүшү керек.