Учурда Кемин районунда иштеп жаткан мобилдик клиника жаздан тартып Балыкчыга барат

Учурда Кемин районунда иштеп жаткан мобилдик клиника жаздан тартып Балыкчыга барат.

Мобилдик клиниканын аймактагы миссиясы февралда аягына чыгат. Аталган аймакка

ноябрда жөнөтүлгөн мультидиагностикалык лаборатория 9 миң жаранды медициналык

кароодон өткөрдү. Анда компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография,

рентген бар. Андан тышкары, анда анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуулар жана

хирургия бөлүмү бар. Мунун баарынан тургундар акысыз өтө алышат.

Ал 5 жылдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын кыдырат.