Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Гумжардам 1 миң тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майынан турат.

 

Эске салсак, Сардаба суу сактагычы 1-майда жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптаган. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан  70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлгөн.