Улуттук банк интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси 35 миллион доллар сатты. Жалпысынан, жыл башынан бери Улуттук банк 5 интервенция өткөрүп, 262 миллион доллар чыгарган.
Мындай каржылык операция улуттук валютанын кунун көтөрүүгө жана чет элдик валютанын серпилүүсүн алдын алуу максатында жасалат.