Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпус ачылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул имарат бир топ жылдан бери иштебей турган.
Эми имаратка 95 орунга эсептелген чоңдордун ортопедиясы, муун патологиясы, сөөк-ириң бөлүмдөрүн жана 6 жандандыруу керебетин жайгаштыруу пландалууда.