Унааны кайра каттоодо ОСАГО полисин алуу нормасын киргизүү сунушталды

Унааны кайра каттоодо ОСАГО полисин алуу нормасын киргизүү сунушталды. Мындай демилгени Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы иштеп чыгып, министрлер кабинетине токтом долбоорун даярдады.

 

Документ унаасына камсыздандыруу полисин алгандардын санын көбөйтүүгө өбөлгө болору белгиленет.

 

Эгер аталган норма кабыл алынып калса, унаасын сатып жаткан жаран жаңы ээсине өткөрүп берерден мурун камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилет. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда көп жылдан бери ОСАГОну милдеттүү түрдө киргизүү аракети жасалууда, бирок мөөнөтү улам жылдырылып келет.