Кыргызстандагы абасы эң кир шаарлар айтылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Бишкекте өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын аймагында абасы кир шаарларды тизмектеп берди.

Анын айтымында, мурдагы жылдардагыдай эле эң булганган шаарлар болуп Бишкек, Ош, Кара-Балта жана Токмок шаарлары саналат.

Адистер белгилегендей, абанын булганышы ден соолук үчүн айлана-чөйрө менен байланышкан негизги коркунучтардын бири болуп эсептелет.