Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, 24-майдан 26-майга чейин өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.