“Манас” аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок

“Манас” аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган аба майдан кадимки тартипте иштеп жатат, пландалган рейстер аткарылууда.

 

Буга чейин жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болгон.

 

Эске салсак, 16-майда да ушундай эле маалымат түшүп, анда да эч нерсе табылган эмес.