Жаңы жылдык майрам күндөрү Бишкекте бир нече көчөдөгү кыймыл чектелет

30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектеги бир катар борбордук көчөлөр унаа кыймылына чектелет.

 

Мэриянын маалыматына караганда, бул күндөрү Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн Эркиндик бульваранын Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгында машине менен жүрүүгө болбойт. Ошондой эле унааларды көчөгө токтотууга тыюу салынат.

 

Ал эми коомдук транспорт кадимки тартипте иштей берет.