Сузактагы чакан ГЭСтин курулушу аяктап калды

Сузактын Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСтин курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ГЭС ишке берилсе кубаттуулугу саатына 2 миң 400 кВтка чейин электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Гидроэлектрстанция Сузактагы үч айылды электр энергиясы менен камсыз кылат. Аны жергиликтүү ишкер куруп жатат.