Кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн Кыргызстан Казакстандан 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алат

Кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн Кыргызстан Казакстандан 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алат. Буга чейин эки өлкө ортосунда эки тараптуу макулдашуулар болсо, быйыл Кыргызстан түздөн түз электр кубатын сатып алууга аргасыз.

 

Быйыл биздин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы   3,2 миллиард киловатт-саатты түзөт.

 

Буга калктын жана өнөр-жай объектилеринин жарыкты керектөө көрсөткүчү өскөнү, ошондой эле суунун аз келүү мезгили себеп, — дешет энергетиктер.