Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Кечээ  22:16да Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунда 4 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.

 

Жердин силкинүүсү аталган эки райондун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон жана Чаткал районунун Сумсар айылдарында сезилген.

Ал 3 баллдык термелүү Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой, Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында болгон.

 

Сейсмология институту саат 22:16да Өзбекстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кабарлады.