Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.
Анын айтымында, 22-декабрга чейин сертификаттар аймактарга жөнөтүлөт.
Ал эми жогорку окуу жайларга кабыл алуу мөөнөтү азырынча белгисиз. Эске салсак, күзгү жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда Бишкек жана Ошто өттү. Ага 1 миңден ашык жаран катышты.