Жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар 25-июндан тарта бериле баштайт

Жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар 25-июндан тарта бериле баштайт. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, ссудалар кичи кредиттик уюмдар жана банктар аркылуу тапшырылат.

 

Пайыздык чени жылына – 6дан 10го чейин. Насыяны азык-түлүк коопсуздугу, жеке коргонуучу каражаттары, соода жана туризм тармагындагы ишканалар ала алат. Алган сумманын 50 пайызын азыркы насяларды жабууга жумшаса болот.