ОСАГО жоктугу үчүн жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү жылдырылды

ОСАГО жоктугу үчүн жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү жылдырылды. Ага ылайык, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын унаалары, жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттары жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу машинелер полистер менен кийинки жылдын январына чейин камсыздалышы керек.

 

Буга чейинки мөөнөт 2020-жылдын апрель айына дейре белгиленген болчу. Бул жылы ОСАГО милдеттүү боло турган жалгыз категория – чет элдик унаалар. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети жактырды.