Жер көчкү басып калуу коркунучу жаралган Өзгөндөгү 18 үй коопсуз жайга көчүрүлдү

Жер көчкү басып калуу коркунучу жаралган Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү 18 үй коопсуз жайга көчүрүлдү.

Novosti.kgге Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматынан такташкандай, 190дон ашуун тургун туугандарынын үйүнө жайгаштарылды.

Эске салсак, кечээ таңга маал Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн.

Учурда көчкү турак жайларга 200 метрдей жакындады.

Жеринде коргонуу кызматтары иштеп жатат, — дешти администрациядан.

Белгилеп кетсек, бүгүн Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды.