Жети-Өгүздө маданият үйү бала бакчага айланды

Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында балдар бакчасы иштей баштады.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашкандай, имарат мурда маданият үйү болгон.

Бакчага тийиштүү шарттар каралган жана коопсуздук талаптарына жооп берет.

Курулуш иштери толугу менен аталган фонд тарабынан каржыланган.

Тендердик баасы 14 млн 287 миң 443 сомду түздү.

Буга чейин Боз-Бешик айылында балдар бакчасы болгон эмес.