Бишкек Жылуулук электр борборунун аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, объектте катталган кырсык өлкө жетекчилигинин жана атайын кызматтардын түздөн-түз көзөмөлүндө.
Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.
Кырсыктын кесепетинен беш киши жабыркап ооруканада. Алардын экөө оор абалда экени кабарланды.