Евразиялык өнүктүрүү фонду Кыргызстанга республикалык бюджеттин дефицин жабуу үчүн 100 миллион доллар бөлүп берет

Евразиялык өнүктүрүү фонду Кыргызстанга республикалык бюджеттин дефицин жабуу үчүн 100 миллион доллар бөлүп берет. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат 20 жылга, 1 пайыз менен берилет.

 

Анын 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Эске салсак, экономикалык абалдын начарлашынан улам, быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгону 135 миллиард сом деп болжолдонуп жатат. Бул пландалган көрсөткүчтөн 28,5 миллиард сомго аз.