Эл аралык хоккей федерациясынын тарыхындагы эң жаш вице-президент кыргызстандык Айваз Оморканов ишине киришти

Эл аралык хоккей федерациясынын тарыхындагы эң жаш вице-президент кыргызстандык Айваз Оморканов ишине киришти. Эске салсак, Оморканов бул кызматка 25-сентябрда дайындалган.

 

Буга чейин ал Кыргызстандын хоккей боюнча курамасында ойногон. Андан тышкары, триатлон менен машыгып, дүйнө чемпионуна чейинки квалификациядан өткөн.

 

Азыркы кызматка дайындалганган чейин Кыргызстандын хоккей федерациясында генералдык катчы болуп иштеген. Оморканов ошондой эле эл аралык федерацияны өнүктүрүү боюнча программа ишеп чыкты, анын башкы максаты – Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарын уюштурууга жардам берүү.