Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине 47 унаа тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, эки жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсе өскөн.
Сот аткаруучулар үчүн кызматтык унаа сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 92 миллион сом жумшалды.