Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 32,3 пайызга өстү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 8,2 млрд. АКШ долларына жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

 

Анын маалыматына караганда, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,3 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 45,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,4 пайызга көбөйдү.