Хорватияда ким көпкө жата алат деген талаш уланууда

Хорватияда ким көпкө жата алат деген талаш уланууда. Былтыркы мелдеште рекорд 117 саатка коюлган.

 

Быйылкы жылдын катышуучулары мурдагылар жетишкен ийгилик менен токтоп калбай турганын чечкиндүү түрдө билдиришти.

 

Эске салсак, жалкоолордун мындай мелдеши Хорватияда 12 жыл мурун башталган. Эрежеде катышуучулар уюлдук телефондорду жана ноутбуктарды жатып окуп, колдоно ала тургандыгы белгиленген. Бирок отурууга жана турууга болбойт.

 

Эң жалкоо катышуучу 1 миң евро сыйлык алат.