“Манас” эл аралык аэропорту Тегеран шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды

“Манас” эл аралык аэропорту Тегеран шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды.   Бизге аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Ирандын борборуна учактар жумасына бир жолу – дүйшөмбү күндөрү каттайт. Учуу убактысы 2 саат 35 мүнөттү түзөт.

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын аппаратынан билдиришти.   Белгилеп кетсек, Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын кызыкчылыктарын Россияда коргоп келген. Эми ал үч өлкөдө элчи болот.

Кыргызстандын бардык маанилүү магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын бардык маанилүү магистралдары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аба-ырайынын начар шарттарына карабай, жол кызматтары трассаларды кардан тынбай тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.   “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрүү түйүндөрүндө министрликтин кызматкерлери жана жол инспекторлору унаалардын кышка даярдыгын текшерип жатат. Кышкы… Кененирээк…

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, штаб коронавирустун жайылышына байланыштуу ачылды. Ал Кытайда жүргөн кыргызстандык жарандардан күнү-түнү телефон аркылуу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды кабыл алат.   Ошондой эле алардын жакындарына да маалымат берилет. Ведомстводон белгилешкендей, Кытайдан мекендештерди алып чыгуунун түрдүү мүмкүнчүлүктөрү караштырылып… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратат. Өлкөдө болуп жаткан аба-ырайына байланыштуу айдоочулар жолдо жүрүүдө этият болушу керек. Өзгөчө алыскы жолго чыгаарда унаанын шиналарын сөзсүз кышкыга алмаштыруу зарыл. Ошондой эле трассаларда кооптуу аракеттерди жасабай, каршы тилкеге чыкпоо керек. Унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактоо сунушталат.

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Сауд Аравиянын командасын жеңип алды

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы алгачкы жолдоштук беттеште Сауд Аравиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Оюн 5:3 эсебинде аяктады. Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең эки голдон киргизди. Экинчи бөлүктө кыргызстандык команда үч гол киргизип, алдыга озуп чыкты. Улуттук кураманын кийинки беттеши 5-февралда… Кененирээк…

Бишкектеги №173-бала бакча 6-февралдан баштап ишин жандандырат

Бишкектеги №173-бала бакча 6-февралдан баштап ишин жандандырат. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемесинин жылуулук берүү тармагы өткөн жумада аварияга учураган. Үзгүлтүктү оңдоо үчүн Октябрь райондук администрациясы 103 миң сом бөлүп берди. Тиешелүү кызматкерлер түтүктөрдү алмаштырышууда. Бакчага жылуулук берүү жана оңдоо иштери эртең аяктап калат.

Балдарды жана жаштарды калыбына келтирүү борбору жабылат

Бишкектеги Балдарды жана жаштарды калыбына келтирүү борбору 3-мартта жабылат. Бул тууралуу 24 агенттигине социалдык башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти. Учурда борборду жоюу иши башталды. 70 балага ылайыкталган, учурда жашы жете элек 6жаштан 11ашка чейинки балдар бар. Алар башка мекемелерге которулат. Штатта 48 адам иштейт, азыр кыскартуулар жүрүүдө. Бардыгы мыйзам… Кененирээк…

Кумшекерден баш тарткан адам өзүн жакшы сезе баштайт

Кумшекерден баш тарткан адам өзүн жакшы сезе баштайт. Буга россиялык эндокринологдор ишендиришүүдө. Алардын айтымында, тамак сиңирүү жакшырып, теринин өңү өзгөрүп, жылмакай болуп калат. Ошондой эле уйку жакшырат. Мындан сырткары күч жумшабай эле бир-эки килограммга арыктаса болот. Анткени кумшекерден улам организмде суюктук пайда болот. Эгер кан… Кененирээк…

оронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүнөт

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 миллион сом берилет. Каражатты бөлүүнү Жогорку кеңештин каржы комитети кабыл алды. Ага коргонуу жана дезинфекциялоочу медициналык каражаттар сатылып алынат. Белгилүү болгондой, өлкө аймагында коронавирус каттала элек. Республиканын чек араларында адистер текшерүү жүргүзүп жатышат. Ал эми бейтапканаларда… Кененирээк…