Бүгүн Кыргызстандын басымдуу аймактарында кар жаайт

Бүгүн Кыргызстандын басымдуу аймактарында кар жаайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда катуу жаан-чачын жүрөт. Бул тоолуу трассаларда кар көчкү түшүү коркунучун жаратат.

 

Андыктан, айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы   500 метрлик аралыкты сактап жүрүү сунушталат.