Өзбекстанда үй-бүлө жана махалля министрлиги түзүлөт

Өзбекстанда үй-бүлө жана махалля министрлиги түзүлөт. Демилге президент Шавкат Мирзиёевге таандык. Анын айтымында, өлкөдө улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктар акырындык менен жоголууда, андыктан жаштарды туура жолго салуу керек.

 

Белгилеп кетсек, Мирзиёев буга чейин ал жашы 18ге чыга элек кыздарга турмушка чыгууга тыюу салган. Андан тышкары, аял-эркектин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам чыгарылып, эркектерди үй чарбасында дагы кол кабыш кылууга милдеттендирген.