Алдыңкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт

Алдыңкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматында, Бишкекте бүгүн жана эртең күндүз абанын табы +20 градуска жетет. Бирок нымдуулук сакталат. Асманды ала булут каптап, мезгили менен жаан жаайт. Ал эми 8-апрелден тарта борбордук аймакта суук болот. Күндүз температура +13 градустан жогору болбой, нөшөрлөгөн жаан… Кененирээк…

Ошто муктаж үй-бүлөлөргө 50 тонна ун таратылды

Ошто муктаж үй-бүлөлөргө 50 тонна ун таратылды. Республикалык штабдын маалыматында, жардам социалдык колдоого муктаж жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлдү. Мындан тышкары, түштүк калаанын мэриясы жана жеке ишкелер тарабынан атайы эсеп ачылган. Ага муктаж жарандарга карата материалдык колдоо көрсөткүсү келгендер тарабынан каражат которулат.

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин абалы туруктуу

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирет. Анын айтымында, 3-апрелде вируска карата 9 дарыгерден анализ алынып, илдет аныкталды. Бишкек жана Ошто бирден, 7өө Жалал – Абад облусунда. Учурда өлкө боюнча 216 адам… Кененирээк…

Лейлекте 100 тоннадан ашык ун таркатылды

Лейлек районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылууну колго алган ишкерлер муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, жугуштуу илдеттен коргонуучу каражат таратып, акчалай жардам көрсөтүүдө. Жардам жергиликтүү бийлик органдары менен бирге, калктын аялуу катмарына даректүү жеткирилүүдө.   Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү… Кененирээк…

Коронавирус жуктургандардын бешөөсү реанимацияда

Кыргызстанда стационарларда коронавируска кабылган 202 адам жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.   Министрдин айтымында, жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш кишинин абалы туруктуу оор. Анын ичинен экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Белгилей кетсек, өткөн сутканын ичинде… Кененирээк…

Ошто катуу жаан-чачындан улам 15 үйдүн короосун суу каптады

Ошто катуу жаан-чачындан улам 15 үйдүн короосун суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кара-Суу районунда кечээ нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен арыктардан суу ташып, Фурхат айылынын турак-жайлары жабыркады.   Куткаруучулар сууну сордуруп, тазалоо жумуштарын жүргүзүштү. Учурда жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.

Кыргызстанда коронавирусту 33 адам жеңди

Кыргызстанда коронавирусту 33 адам жеңди.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандан кийин айыккан адамдардын жалпы  саны 42ге жетти.   Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 216га жетти.

Кыргызстанда нан, кумшекер, картөшкө кымбаттады

Кыргызстанда нан, кумшекер, картөшкө кымбаттады. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, нандын баасы 1 сомго, кумшекердики 3 сомго, картөшкөнүкү дароо 15 сомго көтөрүлдү.   Ведомстводон белгилешкендей, баалар бекитилген. Жасалма жол менен аларды кымбаттаттуу үчүн  мыйзамга ылайык жаза каралат. Инспекторлор күн сайын дүкөндөрдү текшерип… Кененирээк…

Бишкектиктер коронавирус боюнча телефондон ыкчам түрдө медициналык кеңеш ала алат

Бишкектиктер коронавирус боюнча телефондон ыкчам түрдө медициналык кеңеш ала алат.   Мэриянын маалыматына ылайык, эгер тургундар өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап калса, саламаттык сактоо министрлигинин   118 ыкчам байланыш номерине чалса болот.   Ыкчам телефон номерге белгилүү себептер менен гана чалууга мүмкүн. Алар: Эгер чет өлкөдөн акыркы… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри  Сабыржан Абдикаримов жарыялады. Муну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 216га жетти.   Жаңы учурлардын 47си Ош облусунда, 13ү Жалал-Абад аймагында, Бишкекте – 5, Каракол шаарында — 1, Кемин районунда – 1, Нарында -1,… Кененирээк…