Бишкектин 2 миңден ашык жараны азык-түлүк менен камсыз болду

Бишкектин 2 миңден ашык жараны азык-түлүк менен камсыз болду.   Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Эске салсак, коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстанда аз камсыз болгон, тамак-ашы жок калган жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн “Жардам” штабы түзүлгөн.    Бүгүнкү күндө ведомство ачкан атайын эсепке… Кененирээк…

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов дарылануусун Кыргызстанда улантат

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов дарылануусун Кыргызстанда улантат. 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, Курманкуловдун абалы жакшы.   Ал  Бишкекке келгенде коронавируска анализ тапшырып, андан соң обсервацияга жаткырылат. Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Чүй облустук ички… Кененирээк…

Кыргызстанда жазгы-талаа иштери өз учурунда башталып, кечигүүсүз өтүшү керек

Кыргызстанда жазгы-талаа иштери өз учурунда башталып, кечигүүсүз өтүшү керек. Тиешелүү мамлекеттик органдарга мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов берди.   Ага ылайык, үрөн, урук жана  техника өз маалында камсыздалышы керек. Буга айыл-чарба жана мелиорация министрлиги жооптуу, — деди чиновник.

Ош милициясы фермерлерге зарыл болгон айыл-чарба техникасын жеткирип берүүгө даяр

Ош милициясы фермерлерге зарыл болгон айыл-чарба техникасын жеткирип берүүгө даяр. Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдиргендей, жазгы талаа иштери учурунда айыл-чарба техникасы иштен чыгып калышы толук ыктымал.   Мындай учурларда алыскы райондорго комендатура зарыл тетиктерди жеткирип бере алат. Бул үчүн арыз… Кененирээк…

Өлкөдөгү обсервациялар милициянын кайтаруусунда

Өлкөдөгү обсервациялар милициянын кайтаруусунда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди сактап, коргонуучу атайын кийимдер, санитардык каражаттар менен камсыздалган.   Күзөттөгү кызматкерлер обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышпайт.   Белгилеп кетсек, өлкөдө обсервацияда 1 миң … Кененирээк…

Москвада курулушта чыккан өрттө кыргызстандык каза болду

Москвада коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушунда 40 жаштагы кыргызстандык каза болгонун Нурбек Абдрахманов «Азаттыкка» кабарлады. Курулушта иштеген Абдрахмановдун айтымында, 5-апрелдин таңында мигранттар жашаган чатырда өрт чыгып, бир адам тышка чыга албай калган.   Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон жерге… Кененирээк…

Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Тиешелүү тапшырма Саламаттыкты сактоо министрлигине берилди, — дешти өкмөт  аппаратынан.   Мындай чечим Республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.   «Министрликке оорукананын башкы дарыгерине карата медициналык кызматкерлердин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы тууралуу маселени иликтеп… Кененирээк…

Коронавирус менен ооругандар 1 миллион 273 миңден ашып, каза болгондор 70 миңге чукулдады

6-апрелге карата дүйнө жүзүндө «Ухан вирусу» менен жабыркагандардын саны 1 миллион 273 миң 794 болду. Айыккандардын саны — 260 миң 193, каза болгондор — 69 миң 419.   Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда 337 миң 274 жаран жабыркап жатат. 17 миң 448 жаран илдеттен… Кененирээк…

Окуучулар үйдөн билим ала турчу сайттардын тизмеси

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын аралыктан билим алуусу үчүн бир катар сайттардын тизмесин жарыялады. Эске салсак, коронавирустан улам Кыргызстанда 8-апрелден тарта мектеп окуучулары аралыктан окутулат.   Сунуш кылынган билим берүү сайттарынын тизмеси: http://www.oku.edu.gov.kg/; kitep.edu. gov. kg; https://www.ibilim.kg/; https://www.bb.edu.gov.kg; https://lib.kg; https://lib.kg; www.mozaweb.com; https://www.yaklass.ru; http://www.testing.kg. Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Россия чет жактагы жарандарын алып келүүнү убактылуу токтотту

Россия  пандемияга байланыштуу чет жактардан чыга албай калган он миңдеген жарандарын эвакуциялоону убактылуу токтотту. Мындай кадамга Москва чет өлкөлөрдөн вирустун алып келинишин чектөө максатында барганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.   Вице-премьер-министр Татьяна Голикова 4-апрелде өкмөт чет жактагы орусиялыктарды алып келүүнү жакшылап пландаштыруу үчүн тыныгуу алганын… Кененирээк…