Кыргызстанда аскерге чакырылгандар коронавируска текшерилет
Кыргызстанда аскерге чакырылгандар коронавируска текшерилет. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аларды 12-майдан тартып аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү иштери башталды. Алар аскердик кызматын өтөө жерине баргандан кийин 14 күндүк карантинге алынат. Ант берүү салтанатына дагы аскерге чакырылгандардын туугандары катышпайт.