Польшанын айылдарынын биринде көп жылдан бери алгачкы ирет уул бала төрөлдү

Польшанын айылдарынын биринде көп жылдан бери алгачкы ирет уул бала төрөлдү. Кадимки эле көрүнүш болгон окуя бул айыл үчүн чоң майрамга айланды. Райондун башчысы карантинден кийин үй-бүлөнү өзү барып куттуктай турганын билдирди.   Ал эми башка тургундар ымыркайга белектерин даярдап жатат. Белгилеп кетсек, айылда 10… Кененирээк…

Кыргызстанда өткөн жылы  160 миңден ашык балага бир жолку сүйүнчү жөлөк пулу берилди

Кыргызстанда өткөн жылы  160 миңден ашык балага бир жолку сүйүнчү жөлөк пулу берилди. Өкмөттүн маалыматына ылайык, Буга чейин жөлөк пулду алуунун шарттары жеңилдетилгени айтылган.   2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегериле баштаган. Ал жылы бул акчаны 117 миң бала алган болчу.

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмү убактылуу жабылат

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмү убактылуу жабылат.   Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 13-14-жана 15-майда электр өткөрүү линияларын оңдоо иштери жүргүзүлгөнүнө байланыштуу, ал бул күндөрү иштебейт.   Аламүдүн бөлүмү калкты 18-майдан тарта тейлеп баштайт.  

Bшкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын  1-январына чейин узартуу сунушталды

Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын  1-январына чейин узартууну сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, бул экономиканы турукташтырууга жана бизнес-чөйрөнүн активдүүлүгүн камсыздоо үчүн зарыл.   Токтомдун долбоору министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү. Эске салсак, бизнести текшерүүгө мораторий кийинки жылдын  1-январына чейин киргизилип, 10 мамлекеттик органга тиешелүү.

Бишкекте патрулдук милициянын ишине онлайн баа берүү жүрүп жатат

«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык бирикмеси Бишкек шаарынын жарандары үчүн патрулдук милициянын ишине баа берүү боюнча онлайн сурамжылоо жүргүзүүдө.   Жарандык бирикме кабарлагандай, онлайн сурамжылоо Бишкекте өзгөчө абал киргизилген убактагы милициянын аракетине баа берүүгө багытталган. Сурамжылоо анонимдүү жүргүзүлөт жана жыйынтыгы сунуш катары тийиштүү органдарга жөнөтүлөт. Онлайн… Кененирээк…

Уханда экинчи толкунга жол бербөө үчүн бардык жашоочулардан тест алынат

Коронавирустун алгачкы очогу болгон Ухан шаарында кайрадан инфекция жугузгандар катталып баштаганына байланыштуу жашоочулардын баарынан тест алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Аталган буйрук шаардык муниципалитетке келип түшүп, 10 күндүк массалык тест алуу иш-чарасы жүргүзүлүү алдында турат.   Белгилей кетсек, акыркы бир ай… Кененирээк…

Россия президентинин басма сөз катчысынан коронавирус аныкталды

Россиянын президенти Владимир Путиндин башкы катчысы Дмитрий Песков коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.   «Ооба, ооруп жатканым чын. Дарыланып жатам», — деп билдирген башкы катчы.   Песков коронавируска чалдыккан төртүнчү жогорку даражалуу чиновник болуп калды. Алгач Орусиянын премьер-министри Михаил… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавирустан айыккан эң улгайган адам катталды

Испаниянын эң узак жашаган тургуну, коронавирус менен ооруган Мария Браньяс дүйнө жүзүндө вирусту жеңген эң улгайган адам болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Март айында Испаниянын Олот шаарындагы Санта-Мария-дель-Тура карылар үйүндө коронавирус инфекциясы катталган. Канчалык чараларды көрүшкөнүнө карабастан, Испаниянын эң улгайган айымы, 113 жаштагы Мария… Кененирээк…