Ош шаарында күнү-түнү иштеген стационарлардын иш убактысы өзгөрөт

Ош шаарында күнү-түнү иштеген стационарлардын иш убактысы өзгөрөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып 24 саат бою бейтаптарды кабыл алган стационарлар күндүз гана иштейт. Бул өз кезегинде коронавирус жана пневмонияга кабылган жарандар азайып жатканына байланыштуу.

Россияда массалык вакцинация бир айдан кийин башталат

Россияда массалык вакцинация бир айдан кийин башталат. Бул тууралуу РИА новости Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунунун директору Александр Гинцбургга таянуу менен билдирет. Массалык эмдөө бир аз кечигиши ыктымал. Даярдалган препарат каттоодон кийинки изилдөөлөрдөн өтөт. Мындан кийин гана жарандарга жеткиликтүү болот. Бул үчүн бир ай талап кылынат. Эске… Кененирээк…

Шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар улуттук валютада гана кабыл алынат

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар улуттук валютада гана кабыл алынат. Боршайкомдон эске салышкандай, шайлоо фонддорун түзгөн бардык акчалар банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен саясий партия жана талапкер тарабынан ачылат. Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер… Кененирээк…

Жаңы иштелип чыккан коронавирусту дарылоодо колдонула турган 4-протоколго өзгөртүүлөр киргизилди

Жаңы иштелип чыккан коронавирусту дарылоодо колдонула турган 4-протоколго өзгөртүүлөр киргизилди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, алгачкы үч версияда коронавирусту дарылоого басым жасалган. Ал эми төртүнчү протоколдо пневмония менен ооругандарды дарылоо жагы эске алынды. Мындан тышкары, жаңы протоколдун респиратордук жардам, интенсивдүү терапия бөлүктөрүнө… Кененирээк…

Россиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады

Россиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады. Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында, медициналык топ биздин дарыгерлер менен бирге кызыл зоналарда иштеп, бейтаптарды дарылашты. Ортодо тажрыйба алмашуу да болду. Жалпысынан адистер 4 миңден ашык бейтапка жардам беришти. Эске салсак, Россиялык дарыгерлер 23-июлдан… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7:30га чейин Чүй, Эркиндик бульвары, Киев, Бөкөнбаев, Чуйков, Үмөталиев, Шевченко, Элебесов, Щербаков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 жана 10-кичи райондо, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас жана Дордой 2 конуштарынын айрым тилкелеринде электр энергиясы… Кененирээк…

Ошко жаңы жетекчи дайындалды

Ошко жаңы жетекчи дайындалды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп Байыш Юсупов бекитилди. Жаңы жетекчи эмгек жамаатка расмий түрдө бүгүн тааныштырылат. Ал буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал ушул жылдын 10-августунан баштап облустун мурдагы башчысы кызматтан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу… Кененирээк…

Кыргызстан Россиядан COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны сатып алышы ыктымал

Кыргызстан Россиядан COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны сатып алышы ыктымал. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, вакцинанын таасири аныкталгандан кийин министрлик Россиядагы кесиптештерине байланышка чыгат. Эске салсак, Россия коронавируска каршы вакцинаны өндүрө баштаганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган. Учурда ага… Кененирээк…

Бүгүнтөн тартып Казакстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылат

Бүгүнтөн тартып Казакстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылат. Нур-Султанда калкты тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, каржы мекемелери ачылат. Бирок бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу эрежелерин кармоого милдеттүү. Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарында мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор,… Кененирээк…

Дем алыш күндөрү Россиядан 871 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Дем алыш күндөрү Россиядан 871 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан кайтарылды. Алар Бишкектеги  жана Оштогу аба майданга түшүрүлдү. Чет өлкөдөгү мекендештерди кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.