Кыргызстанда жаңы жылдан кийин ЖОЖдорду салттуу негизде билим берүүгө кайтаруу  пландалууда

Кыргызстанда жаңы жылдан кийин ЖОЖдорду салттуу негизде билим берүүгө кайтаруу  пландалууда. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Эльвира Сурабалдиева билдирет. Анын айтымында, өлкө боюнча мектептерди ачуу маселеси ата-энелердин жана мугалимдердин сунушун эске алуу менен каралат. Эске салсак, өлкөдө Бишкек жана Ош шарларын… Кененирээк…

Түндө Нарын облусунда эки ирет жер силкинди

Түндө Нарын облусунда эки ирет жер силкинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, очогунда күчү 4 баллга жетти. Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Андан кийин афтершок болду. Тагыраагы, жердин кайталанып силкинүүсү… Кененирээк…

АКШ тургундары «арзандатуу жумасында» онлайн-сатып алууларга 9 миллиард доллар коротту

АКШ тургундары «арзандатуу жумасында» онлайн-сатып алууларга 9 миллиард доллар коротту. Пандемияга байланыштуу америкалыктардын басымдуу бөлүгү арзандатуу күнүндө буюмдарды интернет аркылуу сатып алышты. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу бут кийим жана зер буюмдарга суроо-талап төмөндөдү. Бирок тиричилик техникасы жана смартфондор көп сатылды. Эске салсак, былтыр АКШда «арзандатуу… Кененирээк…

Ош облусунун бардык райондорунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө

Ош облусунун бардык райондорунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңгизбаев билдирди. Анын айтымында, район, шаар, облус аралык жана Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө көңүл… Кененирээк…

Бишкекте турак жайлардын биринде өрт чыкты

Бишкекте турак жайлардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо бүгүн таңда, Горький көчөсүндө жайгашкан үйдө катталды. Өрттү чектөөгө алууга Октябрь жана Свердлов райондук бөлүмүнөн 2 топ тартылды. Кененирээк маалымат дагы берилет.

Индонезияда кооптуулугу боюнча экинчи даражадагы жанар тоо атылды

Индонезияда кооптуулугу боюнча экинчи даражадагы жанар тоо атылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, атырылган түтүн 4 чакырымга чейин жетет. Андан улам, Левотоло жанар тоосунун айланасындагы айылдарда жайгашкан 3,5 миңге жакын тургун турак жайларын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бирок табият кырсыгынан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Белгилеп кетсек, Индонезияда… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Горький, Юнусалиев, Медеров, Москва, Шопоков, Буденный, Жалил, Садовый, Жибек Жолу көчөлөрүндө, Алтын-Бешик, Ак-Босого, Арча-Бешик жана Ала-Арча конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.

Жалал-Абад шаарында ири долбоордун курулушу башталды

Жалал-Абад шаарында ири долбоордун курулушу башталды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, Спутник аймактык башкармалыгында социалдык объектилерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. Алсак, жаңы мектеп имаратынын пайдубалына капсула салынды. Андан тышкары, бул аймакка бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жай курулат. Анда заманбап шарттар түзүлөт. Иштер… Кененирээк…

Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеште тең чыкты

Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеште тең чыкты. Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөттөн турду. Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты. Белгилеп кетсек, эки спортчу тең рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин… Кененирээк…

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мындан 24 жыл мурда курулган имарат кайрадан оорукана катары иштетилет. Анда  коронавируска чалдыккан бейтаптар кабыл алынат. Имарат толугу менен оңдоп-түзөлүп, жабдуулар менен камсыздалды. Каражат жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп берилди.