Криштиану Роналду Golden Foot сыйлыгына татыды

Криштиану Роналду Golden Foot сыйлыгына татыды. Жеңүүчүнү дүйнөдөгү фанаттар аныкташты. Добуш берүүлөрдө Роналду таанымал атаандашы Лионель Мессини ашып өттү. Салтка айлангандай. жеңүүчү Чемпиондор аллеясына изин калтырды. Белгилеп кетсек, Golden Foot сыйлыгы 17 жылдан бери тапшырылып келет. Ага алгачкы ирет белгилүү италиялык чабуулчу Роберто Баджо ээ… Кененирээк…

Бишкектин сейил бактарында жаңы жылга карата балатылар пайда болот

Бишкектин сейил бактарында жаңы жылга карата балатылар пайда болот. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Бийиктиги 6 метрди түзгөн кыш сулуулары “Ынтымак”, “Ынтымак 2”, “Ден-соолук”, “Жеңиш”, эс алуу бактарында жана Жаңгак, Карагач токойлоруна орнотулат. Белгилеп кетсек, дарактар абаны тазалоого оң таасирин берет

Ош шаарында Нариман мектеп-гимназиясы ачылды

Ош шаарында Нариман мектеп-гимназиясы ачылды. Бул тууралуу  novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы имарат билим берүү мекемесине кошумча корпус катары курулду. Объекти Манас-Ата кичирайонунда жайгашат. Билим берүү мекемеси 500 орунга ылайык. Ага каражат коррупциядан түшкөн бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүп берилди. Жалпы суммасы 54… Кененирээк…

Кыргызстанда катталган унаалардын 86 пайызы 2005-жылга чейин чыгарылган

Кыргызстанда катталган унаалардын 86 пайызы 2005-жылга чейин чыгарылган. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Биздин өлкөдө жалпысынан 1 миллион 80 миң машине каттоого алынган. Алардын 935 миңи чыгарылганы 15 жылдан жогору, ал эми болгону 7 миң 300 унаа тагыраагы, 0,68 пайызы 2015-жылдан кийин чыгарылгандар. Ал… Кененирээк…

Ковидге чалдыгып айыккандарга коронавирустун жаңы штаммы коркунучтуубу же жокпу азырынча белгисиз

Ковидге чалдыгып айыккандарга коронавирустун жаңы штаммы коркунучтуубу же жокпу азырынча белгисиз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан тиешелүү сунуштамалар келе элек, — деди novosti.kgге эпидемиологиялык көзөмөлдөө  департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева. Анын айтымында, коронавирустун жаңы штаммы вирус каттары жугат, андыктан ушул нерсени эске… Кененирээк…

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Муниципалитет маалыматына ылайык, өз арызынын негизинде “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын директору Эльнура Жолдошева иштен кетти.   Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кол койду. Муниципалдык ишкананы директордун орун басары Айгүл Наватова убактылуу башкарат.

Бишкекте доллардын куну дагы көтөрүлдү

Бишкекте доллардын куну дагы көтөрүлдү. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 81 сом 10 тыйынга сатып алып, кайра 81 сом 50 тыйындан сатышууда.   Белгилеп кетсек, 1 айдан бери 85 сом деңгээлинде кармалып турган доллардын куну өткөн жумада төмөндөп баштап, 79 сомго чейин түшкөн… Кененирээк…

Санта-Клаус шаар үстүнөн учуп баратып электр өткөрүү линияларына илинип калды

Санта-Клаус шаар үстүнөн учуп баратып электр өткөрүү линияларына илинип калды. Калифорния штатында жергиликтүү тургун майрамдык атмосфера жаратууну көздөгөн. Ал Санта-Клаустун костюмун кийип, мотопараплан менен көккө көтөрүлдү.   Бирок көп өтпөй, ал зымдардын туткунуна түшүп калды. Бактыга жараша эркек жабыркаган жок. Аны авариялык бригада куткарды.

Владимир Путин 9 жаштагы баланын кыялын орундатып, аны менен хоккей ойноду

Владимир Путин 9 жаштагы Диманын кыялын орундатып, аны менен Кремлде хоккей ойноду. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты. Челябнский облусунан келген Дима балдардын кыялын орундаткан «Тилек дарагы» акциясына катышкан. Анда ал Кызыл аянтта коньки тебүүнү жана Орусия президенттинин иштеген жерин көрүүнү тилек кылганын айткан. Владимир Путин 9… Кененирээк…

Чүйдө үй күйүп, 74 жаштагы аял каза болду

Чүйдүн Москва районунда турак үй күйүп, 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Ак-Суу айылынын Чапаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан.   Тилсиз жоо дагы деле толугу менен өчүрүлө элеги айтылат. Кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы аял киши көз жумган.… Кененирээк…