Окуучулардын мектептерге кайтышы эпидемиологиялык абалга таасирин тийгизген жок

Окуучулардын мектептерге кайтышы эпидемиологиялык абалга таасирин тийгизген жок. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, мектептердин басымдуу бөлүгү өткөн жылдын ноябрь айында ачылган.   Андан бери билим берүү процессине байланыштуу коронавирустун жайылуу учуру катталган жок. Үсөнбаев белгилегендей, мектептердеги абал атайын комиссиялардын кароосунда. Эгер абал… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендер 1-февралдан тарта төмөндөшү мүмкүн

Мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендер 1-февралдан тарта төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма-сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.   Анын айтымында, өкмөттөн мындай буйрук декабрдын аягында келген. Пайыздык чендерди төмөндөтүү маселеси убакытты талап кылгандыктан, мөөнөт дагы бир аз кечкти. Бирок кийинки айга чейин… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосу уланууда

Бишкекте маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосу уланууда. Бүгүн каттамдарга болжолдуу түрдө айдоочулардын 60 пайызы гана чыкты. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет. Муниципалитет учурда кайсы маршруттар ишин таштаганын аныктоо боюнча анализ жүргүзүп жатат. Эгер кечке чейин алар жумушка кайтпаса, лицензиялары тартылып алынып, башка… Кененирээк…

Бишкекте өткөн дем алыш күндөрдөн тартып жаздагыдай аба-ырайы катталууда

Бишкекте өткөн дем алыш күндөрдөн тартып жаздагыдай аба-ырайы катталууда. Күндүз абанын табы +15 градуска чейин жылып жатат. Жылуу түнкүсүн да сезилүүдө. + көрсөткүчүндөгү температура жума күнү кечке чейин сакталат. Бирок эртең, кыштын ортосунда ордо калаада жаан жаайт. Андыктан кол чатырды унутпоо сунушталат. Бейшембиде жаан-чачын күтүлбөйт.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 145 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 145 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, айыккандар Бишкекте – 61, Ошто – 6, Чүйдө – 45, Талас, Нарын жана Баткенде экиден, Ысык-Көлдө – 22, Жалал-Абадда – 5. Ушуну менен өлкө боюнча ковидди жеңип чыккандардын жалпы саны… Кененирээк…

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине  COVID- 19 менен күрөшүүгө жардам келди

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине  COVID- 19 менен күрөшүүгө жардам келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аймактык ооруканаларга медициналык жабдуулар, дары-дармек жана дезинфекциялоочу каражаттар берилди. Жардам Дүйнөлүк банк аркылуу көрсөтүлдү. Бул максатта 1,5 миллион доллардан ашык каражат сарпталды. Ошондой эле жакынкы аралыкта ИВЛ аппараттар жана жогорку деңгээлде… Кененирээк…

Бишкек мэриясы жол кирени этабы менен жогорулатуу маселесин карап чыгат

Бишкек мэриясы жол кирени этабы менен жогорулатуу маселесин карап чыгат. Калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Белгилеп кетсек, долбоор экспертизадан өтүп, профилдик комиссиянын чечими чыгышы керек. Андан кийин шаардыктар аны коомдук талкууда карашат. Эске салсак, буга чейин маршруттук таксилердин айдоочулары жол… Кененирээк…

Быйыл майга пландалган парламенттик шайлоого 550 миллион сом керектелет

Быйыл майга пландалган парламенттик шайлоого 550 миллион сом керектелет. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, добуш берүү пландалгандай майда өтөт. Ал эми Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум жергиликтүү кеңештерди шайлоого чейин мартта өтүшү ыктымал. Парламент шайлоосунун так… Кененирээк…

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда. «Global Firepower» түзгөн рейтингге караганда, Казакстан 62, Кыргызстан 93, Тажикстан 99-орунга жайгашты. Ал эми Өзбекстан 51-сапта. Индекске дүйнөнүн 138 армиясы кирет. Алдыңкы сапта АКШ, Россия, Кытай, Индия, Япония, Түштүк Корея жана Франция кирди. Аскердик кубаттуулуктун индекси 50 факторду эске алуу… Кененирээк…

Бишкектин мектептеринде салттуу режимде жанданган билим берүүнүн алгачкы күнүндө 53 миң окуучу мектепке келди

Бишкектин мектептеринде салттуу режимде жанданган билим берүүнүн алгачкы күнүндө 53 миң окуучу мектепке келди. Мэриядан билдиришкендей, андан тышкары 1-5-9-11-класстын параллель түрүндө 3 миң 700 окуучусу онлайн окуп жатат. Бүгүнкү күндо 97 мектеп жана 87 бала бакча дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз. Мектептерде санитардык нормалар сакталууда, кире… Кененирээк…