Салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу мөөнөтү узартылды

Салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу мөөнөтү узартылды. Тиешелүү  чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.   Уюмдар үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салыктык отчетторду тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.   Жеке ишкерлер үчүн 2022-жылдын 1-январына чейин жылдырылды. Буга чейинки… Кененирээк…

Брайль шрифти менен 4 миң 948 бюллетень даярдалды

Президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумда добуш берүү үчүн азиздерге брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалды.   Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди. Жалпы 3 567 138… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты Эски жаңы жылга чейин шаар тургундарын жана конокторун кубандырат

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты Эски жаңы жылга чейин шаар тургундарын жана конокторун кубандырат. Novosti.kgге  мэриядан билдиришкендей, ошого чейин ордо калаанын башка жаңы жылдык кооздуктары дагы сакталып турат.   Эске салсак, бул ирет мэрия каражат коротпой, буга чейинки эле жасалгаларды жана балатыны колдонду.

Кыргызстанда даг 165 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда даг 165 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 55, Ошто 15, Чүйдө 44, Таласта 5, Нарында 4, Ысык-Көлдө 16, Жалал-Абадда 22, Баткенде 4 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 76 миң 728ге жетти.

Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы сапка чыкты

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат 3тө чыккан маалыматта башкалаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.   Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI)… Кененирээк…

Италиянын Бергамо провинциясында  эң ири Аяз киши жасалды

Италиянын Бергамо провинциясында  эң ири Аяз киши жасалды. Анын салмагы 200 килограммдан ашса, бийиктиги 5 метрди түзөт. Идеянын авторлорунун пикиринде, мындай чоң аяз кишини көрүү үчүн туристтер көп келиши күтүлөт.   Андан тышкары, инсталляция “кадимки” жашоого кайтып келүүнүн символу болуп эсептелет.

Кыргызстанда 8-январга чейин экспорттоого тыюу салынган айрым продукцияны чыгарууга уруксат берилди

Кыргызстанда 8-январга чейин экспорттоого тыюу салынган айрым продукцияны чыгарууга уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Эске салсак, өкмөт токтомуна ылайык, 19-ноябрда мал, эгин, кумшекер, ун, суу май, күрүч, туз, тоок жан жем чыгарууга жарым жылдык тыюу киргизилген болчу.   Эми бул документке өзгөртүүлөр киргизилип,… Кененирээк…

Шайлоодо добуш берүүгө укугу бар жарандардын акыркы тизмеси жарыяланды

Шайлоодо добуш берүүгө укугу бар жарандардын акыркы тизмеси жарыяланды. Боршайкомдон билдиришкендей, ал шайлоо тилкелеринде илинди. Ошондой эле, “Тизме” порталында жеткиликтүү.   Жарандар кайсы участокко карай турганын тактап алуу үчүн 119 кыска номуруна персоналдык номуру менен смс жөнөтүшү керек. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоо жана… Кененирээк…

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компанияга жылдык үстөктү 6-8 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштады

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компанияга жылдык үстөктү 6-8 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштады. Кеп, өткөн жылдын 1-октябрына чейин берилген насыялар тууралуу болуп жатат.   Өкмөт аппаратынан белгилегкендей, мындай чара жарандарга бирдей шарт түзүүгө багытталат. Ал эми жылдык үстөк пайыздарды компания өз эсебинен төмөндөтүшү керек болот.

Инстаграмдагы эң көп катталуучусу бар баракча Криштиану Роналдуга таандык

Инстаграмдагы эң көп катталуучусу бар баракча Криштиану Роналдуга таандык. Ага 250 миллион адам жазылган. Роналдунун көрсөткүчүн 382 миллион колдонуучусу бар «Инстаграмдын» өзүнүн расмий баракчасы гана басып өтөт.   Белгилүү футбол жылдызынан кийин америкалык ырчы, «Грэмми» сыйлыгынын ээси Ариана Гранде 214 миллион катталуучусу менен экинчи орунда… Кененирээк…