Чемпиондор лигасынын жарым финалында беттеше турган командалар аныкталды.
Оюн талаасында “Реал” “Челси” менен, “ПСЖ” “Манчестер Сити” менен кез келет.
Жолугушуу 27-апрелде өтөт. Эске салсак, кечээ футбол боюнча Чемпиондор лигасынын
чейрек финалынын жооптук беттешинде төрт команда бири-бири менен оюн өткөрдү.
“Ливерпуль” “Реал” оюну 0:0 эсебинде аяктаса, “Манчестер Сити” 2:1 эсебинде
“Боруссияны” утуп алды. Ал эми алгачкы беттеште “Реал” 3:1 эсебинде
“Ливерпулду”, “Манчестер Сити” 2:1 эсебинде “Боруссияны” жеңген.