Баткендин Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Баткендин Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ал эми Баткен районунан 7 миң 93 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. “Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жүктөр жеткирилүүдө”, — деп… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү түйүнүндө жаңы көпүрө пайда болот

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү түйүнүндө жаңы көпүрө пайда болот. Курулуш Чу дарыясына салынат. Учурдагы суу объектиси дагы кеңейтилет. Андан тышкары, агымдын жогорку жагындагы көпүрөнүн иши каралат. Жумуштарга дээрлик 87 миллион сом багытталат.

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 29-апрелде Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 208-чакырымында болжол менен жалпы көлөмү 3 600 куб метр кар көчкү түшкөн. Унаа жол бир тараптуу жабылган.

Синоптиктер Чүй облусунда жана Бишкекте катуу шамал болорун эскертет

Синоптиктер Чүй облусунда жана Бишкекте катуу шамал болорун эскертет. Маалыматка ылайык, кечки саат 5тен кийин ордо калаада бороон болот. Аба массасынын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Андан улам жарандарга өзгөчө этият болуу сунушталат. Мындай аба-ырайында дарактар, бутактар, жарнама щиттери кулап, электр линиялары үзүлүшү ыктымал.… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу толук токтоду

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу толук токтоду. Бирок кырдаал курч деп бааланууда. Бул тууралуу 24 агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Субаналиев билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик келтирилген чыгымдын көлөмүн эсептеп жатат. Канча турак жай, соода түйүндөрү жана социалдык объектилер өрттөнгөнү аныкталып, зыяндын эсеби такталат.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 268 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 268 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын көбү Бишкекке жана Чүй облусна туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча 83 миң 191 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат. “Азаттык” радиосунун кабарчылары 30-апрелде жеринен маалымдагандай, адамдарды негизинен мектептерге тийиштүү имараттарга жайгаштырып жатышат. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Облус бийлиги жалпысынан 2-3 миңдей… Кененирээк…

Кыргызстанда 92-үлгүдөгү бензиндин литри орточо эсеп менен 2 сом 20 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда 92-үлгүдөгү бензиндин литри орточо эсеп менен 2 сом 20 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. 26-мартка карата күйүүчү майдын орточо баасы 48 сом 70 тыйынды түздү. Белгилеп кетсек, марттын башынан апрелдин алгачкы күндөрүнө чейин 92-бензин 5 сом 50 тыйынга кымбаттады. Майда баалар… Кененирээк…

Баткен облусуна 54 тонна азык-түлүк жөнөтүлдү

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткен облусуна 54 тоннадан турган азык-түлүк жөнөттү. Министрликтен билдиришкендей, жүк Өзгөчө кырдаалдар министрилиги тарабынан жеткирилет. Мындан сырткары, облуска жөнөтүү үчүн дары-дармек жана медкаражаттардын тизмеси түзүлүп жатат.

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 1-май майрамдык эс алуу күнү болгондуктан, анын алдындагы иш күнү кыскартылды. Дүйшөмбүдө, 3-майда кыргызстандыктар жумушка чыгышат. Белгилеп кетсек, аталган күн Эмгек күнүнө карата ишембиге туш келгендиктен дем алыш болмок. Бирок кошумча эс алуу… Кененирээк…