«Манас» аэропортуна кеткен жолдо жарыш уюштурган 5 айдоочуга айып салынды

«Манас» эл аралык аэропортунун жолунда жарыш уюштурган айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 5 айдоочу жолду тосуп коюп, катуу ылдамдык менен жарыш уюштурган. Айдоочуларга «авто бейбаштык» беренеси менен протокол толтурулуп, аларга 7 жарым… Кененирээк…

“Барселона” клубу Лионель Мессиге 10 жылдык келишим сунуштады

“Барселона” клубу Лионель Мессиге 10 жылдык келишим сунуштады. Ал эми аргентиналык форвард бул сунушка оптимисттик көз карашта экени маалым. Бирок расмий жооп бериле элек.   Эске салсак, Мессинин “Барселона” менен келишими  1 айдан кийин, 30-июнда аяктайт.   33 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Тоголок Молдо, Исанов, Киев, Сыдыков көчөлөрүндө, Маданият, Ала-Тоо, Керемет, Ак-Ордо, Ак-Босого конуштарында, Степное, Гроздь, Бирлик, Пригородное, Байтик, Маевка, Романовка, Сокулук айылдарында жок болот.   Убактылуу… Кененирээк…

Баткенде 2 бала бакча ачылды

Баткенде 2 бала бакча ачылды. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Рават жана Катраң айылдарында жайгашып, 50дөн балага эсептелген.   Бала бакчалар бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалып, бүгүнтөн тарта бөбөктөрдү кабыл ала баштады. Курулуш иштерине каражатты айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү коомчулуктар… Кененирээк…

Кыргызстанда эки министрликтин аталышы өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизип, эки министрликтин аталышын өзгөрттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Эми Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги деп аталып калды. Ал эми Инвестицияларды коргоо… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом жумшалат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом жумшалат. БШК бул каражат шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына жумшаларын билдирди.   11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.   Добуш сатып алуу… Кененирээк…

Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

31-майдан тарта Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.   «2021-жылдын 31-майынан баштап «Түркстан — Бишкек — Түркстан» багыты боюнча… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин электр энергиясы 10-кичи райондо, Токтогул, Кулиев, Боталиев, Тыныстанов, Москва, Юнусалиев, Ахунбаев, Щербаков көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ош жана Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө түз аба каттамдар ачылат

Ош жана Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө түз аба каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Мана” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти. 18-июндан тартып авиакомпания Ош — Ысык-Көл — Ош жана Жалал-Абад — Ысык-Көл — Жалал-Абад туруктуу эки каттамды ачат.   Оштон каттамдар жумасына үч ирет — шаршемби, жума жана… Кененирээк…

Ошто чек ара кызматкерлерине үй тапшырылды

Ошто чек ара кызматкерлерине үй тапшырылды. 216 батирдин ачкычын салтанаттуу түрдө президент Садыр Жапаров ыйгарды. Тогуз кабаттуу 3 корпустан турган турак жай 2016-жылы Коргоо министрлигинин эсебине курулган.   Батирдин 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилди. Белгилеп кетсек,  кечээ Кыргызстанда Чек ара күнү белгиленди.