Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борбору 1-июнда ачылат

Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борбору 1-июнда ачылат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда имаратты оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Комплексте бир нече бөлүмдөр, анын ичинде балдарды кабыл алуу, COVIDден кийинки бейтаптарды жана медайымдык тейлөө бөлүмү болот.   Мындан тышкары, ашкана, кир жуучу жана көптөн бери… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.   Эске салсак, банк ноябрь, декабрь айыларында эле ири интервенция жасап, жалпысынан 140 миллион 300 миң доллар саткан.   Белгилеп кетсек, былтыр 16 жолу интервенция жасалып, жалпысынан 702 миллион 950 миң… Кененирээк…

Кайра шайлоого катышууга ниеттенген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 30-январга чейин бардык документтерин тапшырышы керек

Кайра шайлоого катышууга ниеттенген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 30-январга чейин бардык документтерин тапшырышы керек.   БШКдан билдиришкендей, алар жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн жана күрөөнүн квитанциясын бериши зарыл.   Боршайкомдон белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө шайлоо комиссиясына 25 арыз келип түштү. Ал эми талапкерлерди каттоо 7-февралда… Кененирээк…

Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14-январда кайтып келет

Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14-январда кайтып келет. Коргоо министрлигинен маалым болгондой, жоокерлер “Ак-Жол” өткөрмө бекети аркылуу келет.   Эске салсак, ЖККУ 6-январда президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга өз аскерлеринин контингентин жөнөткөн.   Кыргызстандан Казакстанга  атайын багыттагы  150 аскер кызматкери, 8 бронетехника жана 11 аскердик техника… Кененирээк…

Испания Суперкубогунун алкагында «Реал Мадрид» «Барселонаны» утуп, финалга чыкты

13-январга караган түнү Испания Суперкубогунун жарым финалында «Реал Мадрид» клубу «Барселонаны» утуп алды. Оюн Сауд Арабиясында өтүп, 3:2 эсебинде мадриддиктердин пайдасына аяктады.   Алгачкы голду 25-мүнөттө Винисиус Жуниор жаратты. 42-мүнөттө Люк де Йонг эсеп санын 1:1ге өзгөрттү. Андан кийин чабуулчу Карим Бензема (72-мүнөттө) жана Ансу Фати (82) бирден гол киргизишти. Беттештин тагдырын кошумча… Кененирээк…

Казакстанда кармалгандардын саны 10 миңге

Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 1700дөй адамды кармады. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады. Ага чейин 8000ден ашуун адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын саны жалпы 10 миңге жакындады. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда Алматы шаарына тополоңдон кийин биринчи жолу… Кененирээк…

Туулган күнүн белгилөө чечими америкалыкка байлык алып келди

Туулган күнүн белгилөө чечими америкалыкка байлык алып келди. Жеке майрамынын урматына Мичиган штатынын тургуну лотерея сатып алууну чечкен.   Ал билеттин коргоочу катмарын өчүргөндө, утуштун суммасы 402 миң долларды көрсөткөн.   Бактылуу адамдын айтымында, бул анын өмүрүндөгү эң жакшы белек болуп калды. Жеңүүчү акчаны үй-бүлөсү… Кененирээк…

Кыргызстанда эки күндөн кийин беш предмет боюнча улуттук олимпиада башталат

Кыргызстанда эки күндөн кийин беш предмет боюнча улуттук олимпиада башталат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, сынак  математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча өтөт.   Анын алкагында, окуучулардан команда түзүлүп, жогорудагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларга катышууга даярдык жүрөт.   Төрт этапта өтүүчү олимпиаданын… Кененирээк…

Кыргызстандын аймактары таза суу менен камсыздалат

Кыргызстандын аймактары таза суу менен камсыздалат. АКШ элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, USAID уюмунун каржылык колдоосу менен “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору ишке ашырылат.   Анын алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарында калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер аткарылат.   Андан тышкары, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү… Кененирээк…

«Манас ордого» саякатка барган окуучуларга мейманкана курулат

«Манас ордого» экскурсияга келген окуучуларга мейманкана курулат.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Таластагы улуттук комплекске өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы окуучуларга жылы бою милдеттүү түрдө экскурсияларды уюштуруп туруу максатында 200 орундуу мейманка пайда болот.   Курулушка канча каражат сарпталары азырынча белгисиз.