Түндүк-түштүк альтернативалык жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилет

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилет. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын Эпкин – Башкууганды тилкеси бүгүн кечки саат 5тен эртең, саат 9га чейин чоң унааларга жабык болот.   Бул нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам, жолдун бир бөлүгү жуулуп, кооптуу абалга келгенине байланыштуу.  … Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын куну 90 сомдук чектен түштү

Кыргызстанда доллардын куну 90 сомдук чектен түштү. Учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны  86-87 сомго сатып алып, кайра 89 сомго сатышууда.   Ал эми Улуттук банктын расмий орноткон куну  азырынча – 94 сом 65 тыйын. Эске салсак, Украинадагы абалдан кийин… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жакынкы күндөрү Ош-Бишкек, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдоруна кар жаашы күтүлөт. Айдоочулар аталган жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу керек.

Ош шаарында жер алдындагы таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча сыноо долбоору башталат

Ош шаарында жер алдындагы таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча сыноо долбоору башталат. Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, атайын объекттер тандалган 7 жерде пайда болот. Орнотууга каражат жергиликтүү бюджетте каралган. Маалым болгондой, Ош шаарында мындай долбоор биринчи жолу ишке ашырылып, экологияны сактоо жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн түзүүгө багытталат.

Дыйкандарды насыялоо үчүн эки мамлекеттик банкка 10 миллиард сом берилет

Дыйкандарды насыялоо үчүн эки мамлекеттик банкка 10 миллиард сом берилет. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, дыйкандар, жеке ишкерлер жана жеке жарандар үч жылга 300 миң жана 500 миң сом өлчөмүндө насыя ала алышат. Жылдык товар жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашкан чарбаларга 5 миллион сомго чейин кредит берилет.… Кененирээк…

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел коркунучу бар

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел коркунучу бар. Синоптиктердин айтымында, кооптуулук бери дегенде 29-мартка чейин сакталат. Буга туруксуз аба ырайы жана нөшөрлөгөн жамгыр себеп болууда. Мындан улам, айдоочулар жолго чыкканда мүмкүн болушунча сак болушу зарыл.

Салык органдары декларация кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү

Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 31-мартка чейин документ эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат. Тагыраагы, отчетту иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар кечки саат 6дан кийин деле тапшырса болот.… Кененирээк…

Актер Уилл Смит алгачкы жолу “Оскар” алды

Актер Уилл Смит алгачкы жолу “Оскар” алды. Лос-Анжелесте 94-Оскар сыйлык тапшыруу аземи өттү. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, эң мыкты тасма деп «CODA: Дүлөй ата-эненин баласы» тасмасы табылды. Джейн Кэмпион «Иттердин күчү» тасмасы үчүн эң мыкты режиссёр болду. Уилл Смит «Король Ричард» тасмасындагы ролу үчүн… Кененирээк…

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн алгачкы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн алгачкы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, турак жай Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Объектти тапшыруу 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылууда. Белгилеп кетсек, 8 кабаттуу имараттын каркасы мурда эле бар болчу, эми аны 12-кабатка көтөрүү пландалууда. Медицина… Кененирээк…

Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Белгиленгендей, аткаминер башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынды. Ал эми анын ордуна депутат Бакыт Төрөбаев милдетин аткаруучу болуп дайындалды.