Өзгөндө жаандын кесепетинен 5 үйдүн короосун суу каптады

Өзгөн районунда жаандын кесепетинен Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ала-Кызыл айылында кокту-колоттордон келген сел суулар 5 турак үйдүн короосун каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ычам топ, айыл аймактан 1… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 28-марттан 1-апрелге чейин көгүлтүп от Алыкулов, Киров, Абакан жана Фрунзе көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот. Убактылуу чектөөлөр 1973-жылы ишке кирген газ түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

Бардык бөлүштүрүүчү компаниялар “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилди

Кыргызстандагы бардык бөлүштүрүүчү компаниялар – “Түндүкэлектр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилди. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча чечим акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынды. Белгилеп кетсек, “Түндүкэлектр” Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттерди, “Чыгыш электр” Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы керектөөчүлөрдү,… Кененирээк…

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдриишкендей, быйылкы Орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары ун, мейиз, арпа, курма менен берсе болот. Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу… Кененирээк…

Жалал-Абадда жер көчтү

Жалал-Абад шаарына караштуу Шор-Булак тилкесинде көлөмү болжол менен 75 куб метр жер көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер көчкү бастырманы толугу менен жана жайкы ашкананын жарымын басып калган. Жерине ӨКМдин облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам топ тартылган. Алар ошол тилкеде жашаган жаранды үй-бүлөсү… Кененирээк…

Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, салтанатта белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун ачуу аземи да болду. Ал имараттын фойесинде орнотулду. Белгилеп кетсек, театр мындан 95 жыл мурда негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Маданий жайда учурда 200гө чукул… Кененирээк…

Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды

Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, олимпиада 12 предмет боюнча өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймагынан сынактын облустук этабында 1-2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты. Жыйынтыгында 52 окуучу жеңүүчү деп табылды. Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.