Синоптиктер Кыргызстанда сентябрь айында аба ырайы кандай болорун айтышты.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, күздүн биринчи айында өлкөнүн түндүгүндө абанын температурасы күндүз +33 градуска чейин жетип, түнкүсүн +5ке чейин төмөндөшү мүмкүн.
Түштүк аймактарда абанын температурасы күндүз +22 градустан +35 градуска чейин жетип, түнкүсүн 13 градуска чейин жылышы күтүлөт.
Жалпысынан жаан-чачындын көлөмү норманын чегинде, түштүктө климаттык нормадан бир аз жогору болот.