Бишкекке «Город 312» тобу келет

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүү өтөт.

КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар.

Атактуу спортсмен Олег Романцев КМШ командасынын башкы машыктыруучусу болот.

Кыргызстандын курамасында белгилүү футьолчулар Кирил Прядкин, Закир Жалилов, Комол Тайчиев, Владимир Сало, Нематжан Закиров, Меклис Кошалиев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Владислав Пряничников бар.

Ал Эми Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов болмокчу.

Күйөрмандардын алдында легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу «Город 312» тобу жана атамекендик эстрада жылдызадары өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Оюн 30-августта саат 19:00дө башталат.

Кирүү акысыз.