Парламент чек арага жакын аймактарда жашагандарга “өзгөчө учурларда” курал берүү жөнүндө мыйзам долбоорду 3 окууда жактырды

Парламент чек арага жакын аймактарда жашагандарга “өзгөчө учурларда” курал берүү жөнүндө мыйзам долбоорду 3 окууда жактырды. Бул демилгени 63 депутат колдоп, 3 гана эл өкүлү каршы чыкты.

 

Буга чейин бул суроо жабык эшик артында талкууланган. Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүүлөр 4 мыйзамга киргизилет – “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”, “Жарандардын жалпы аскердик милдетмелери жөнүндө”, “Курал жөнүндө” жана “Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө”.

 

Мыйзам долбоору чектеш райондордун тургундарына ыктыярдуу мобилизацияга жана аларга курал-жарак берүүгө уруксат берет.