Токтогулдагы суунун көлөмү былтыркыдан дээрлик 2 млрд куб метрге аз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 364 миллион куб метрди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 миллиард куб метрге аз.

 

“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда суунун агып келиши секундасына 704 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 250 куб метр болууда.

 

Энергетиктер элди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.